1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

9

БАС кафедрасынын студенттери олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлешти

Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын 10дон ашык студенти ар кандай дисциплиналар боюнча өткөрүлгөн олимпиадаларга активдүү катышып, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүштү.

Аталган олимпиадалардын жыйынтыгында кафедранын студенттери 1-, 2- жана 3-орундарды багындырып, өздөрүнүн билим деңгээлин жана даярдыгын тастыкташты. Бул жетишкендиктер студенттердин тынымсыз эмгегинин, изденүүсүнүн жана окутуучулардын сапаттуу жетекчилигинин натыйжасы болуп саналат.

Олимпиадалар студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, атаандаштык чөйрөдө өздөрүн көрсөтүүгө шарт түздү. Ошондой эле мындай иш-чаралар студенттердин өзүнө болгон ишенимин арттырып, кесиптик жактан өсүшүнө чоң түрткү берет.

БАС кафедрасынын жамааты студенттерди жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан ары да жаңы ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалайт.