1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

8

БАС кафедрасында “Программалоо” дисциплинасы боюнча университеттик олимпиада өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында “Программалоо” дисциплинасы боюнча университеттик деңгээлдеги олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын уюштруучулары БАС кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Ажыкулов С.М. Физика-информатика кафедрасынын окутуучусу Идирисова Г.И., БАС кафедрасынын окутуучусу Маматкулова Б.И.

      Олимпиаданын негизги максаты студенттердин программалоо боюнча билимдерин тереңдетүү, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.  Олимпиаданын жүрүшүндө катышуучуларга ар кандай деңгээлдеги тапшырмалар берилип, алгоритм түзүү, программалоо тилдерин колдонуу жана маселелерди чечүү боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Катышуучулардын иштери атайын түзүлгөн комиссия тарабынан бааланып, жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер аныкталды.

     Жыйынтыгында биринчи орунду ИЭТ-1-23 тайпасынын студенти Калдаров Амантур ээледи. Экинчи орунду ПОВТАС-2-24 тайпасынын студенти Муратбеков Жандарбек, ал эми үчүнчү орунду ошол эле тайпанын студенти Джолдошалиев Марлен багындырды. Жогорку орундарды алган студенттер аймактык олимпиадага жолдомо алышты.