1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

13

БАС кафедрасы тарабынан үгүттөө иштери жүргүзүлдү

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын өкүлдөрү Сузак районуна караштуу Х. Кенжаев атындагы орто мектепте үгүттөө иштерин жүргүзүштү.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович жана профессордук-окутуучулук курам катышып, окуучуларга университет тууралуу кеңири маалымат беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга адистиктер, окуу шарттары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайына тапшыруу тартиби, заманбап адистиктердин артыкчылыктары жана эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер тууралуу маалыматтар сунушталды. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Бул үгүттөө иш-чарасы окуучулардын кесип тандоосуна көмөк көрсөтүп, жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.