1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

12

Кыялымдагы Кыргызстан форумуна активдүү катышуу жана профориентациялык иш-чаралар

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын окутуучулары жана студенттери «Кыялымдагы Кыргызстан» аталышындагы жаштар форумуна активдүү катышышты.

Форумдун алкагында кафедра тарабынан атайын жарманке уюштурулуп, анда ветеринардык адистик боюнча кеңири маалыматтар берилди. Жарманкеде катышуучулар ветеринария тармагынын өзгөчөлүктөрү, окуу процесси, практикалык мүмкүнчүлүктөр жана келечектеги кесиптик багыттар тууралуу маалымат алышты.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө профориентациялык иштер жүргүзүлүп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана жаштарга туура кесип тандоодо багыт берүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуунун артыкчылыктары, шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын келечекке болгон көз карашын кеңейтип, туура кесип тандоосуна чоң өбөлгө түзөт.