1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

43

АТИнин ВМ кафедрасынын студенттери «Олимпиада – 2026» аталышындагы университеттик деңгээлдеги олимпиадага катышышты.

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын студенттери Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Олимпиада – 2026» аталышындагы университеттик деңгээлдеги олимпиадага катышышты. Олимпиадага кафедранын 1-, 3- жана 5-курс студенттери активдүү катышып, өз билимдерин сынашты.

Олимпиада анатомия жана ветеринардык ишкердүүлүк сабактары боюнча өткөрүлдү.

Анатомия сабагы боюнча жыйынтыктар:

1-орун — В-1-23 тайпасынын студенти Өсканбаев Азирет

2-орун — В-1-21 тайпасынын студенти Нурмаматов Баймамат

3-орун — В-1-25 тайпасынын студенти Садиров Жумабек

Ветеринардык ишкердүүлүк сабагы боюнча жыйынтыктар:

1-орун — В-1-21 тайпасынын студенти Курванов Мирослав

2-орун — В-1-21 тайпасынын студенти Абдыманапов Аскаралы

3-орун — 3-курс студенти Кулмамат уулу Бейшеналы

Жеңүүчүлөр университеттин ректору тарабынан дипломдор менен сыйланышты.

Бул олимпиада студенттердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга, теориялык жана практикалык даярдыгын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чара болуп эсептелет.