1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

9

АТИнин БАС кафедрасынын студенти эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алды

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын ИЭТ-1-23 тайпасынын студенти Камилов Зафарбек Шакиржанович Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өткөн “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” аттуу эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды.

Аталган турнир 2026-жылдын 29-мартынан 5-апрелине чейин өтүп, дүйнөнүн күчтүү мушкерлери катышкан ири спорттук мелдештердин бири болуп саналат. Зафарбек Камилов 55 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, жогорку деңгээлдеги таймаштарды көрсөттү.

Алгачкы беттешинде атаандаштарын ишенимдүү жеңип өтүп, финалдык баскычка чейин жеткен. Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү кармашта түркиялык белгилүү мушкер, Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Семин Кумуш менен кез келип, таймаш учурунда алган жаракатка байланыштуу кармашты уланта алган жок.

Жыйынтыгында Камилов Зафарбек турнирде экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.

БАС кафедрасынын жамааты таланттуу студентти жогорку жетишкендиги менен куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана чың ден соолук каалайт.