1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

9

Жумуш ордунда окутуу: теория менен практиканын айкалышы

Агрардык-техникалык институттун Электроэнергеика жана электротехника багыты боюнча ЭС-1-25 тайпасынын студенттери үчүн «Электротехникалык материалдар» предметинин алкагында жумуш ордунда окутуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын 220/110/10 кВ чыңалуудагы «Торобаев» көмөк чордонунда өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер алгач коопсуздук техникасы боюнча киришүү нускамадан өтүштү. Андан соң көмөк чордонунун тажрыйбалуу кызматкери Чынтемир агайдын жетекчилиги алдында объект менен таанышуу иштери жүргүзүлдү.

Студенттер көмөк чордонунда орнотулган электр жабдуулардын түзүлүшү, дайындалышы, түрлөрү жана иштөө принциптери тууралуу кеңири маалымат алышты. Практикалык таанышуу учурунда алар ар бир жабдуунун аткарган кызматы боюнча суроолорду берип, тиешелүү адистерден так жана түшүнүктүү жоопторду ала алышты.

Мындай форматтагы окутуу студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, өндүрүштүк чөйрөдө колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын соңунда студенттер көмөк чордонунун кызматкерлерине жана Жалал-Абад электр тармактары ишканасына терең ыраазычылык билдиришип, алган билимдери алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө маанилүү орун ээлей турганын белгилешти.