1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

7

ИЭТ-1-23 тайпасы өндүрүштүк практика боюнча отчетун ийгиликтүү коргоду

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын ИЭТ-1-23 тайпасы өндүрүштүк практика боюнча отчетторун ийгиликтүү тапшырышты. Жыйынга БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана практика жетекчилери катышып, студенттердин практика учурунда аткарган ишмердүүлүктөрүнө баа беришти. Практиканын жүрүшүндө студенттер алган теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жетишкендиги белгиленди.

Ар бир студент өткөн практикасы тууралуу презентацияларын сунуштап, аткарылган иштер боюнча отчетторун белгиленген талаптарга ылайык коргоп беришти. Ошондой эле студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары, кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору тууралуу маалымат беришип, өз ойлору менен бөлүшүштү. Жыйындын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан сунуштар жана баалоолор берилип, студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган кеңештер айтылды. Жалпысынан бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонуу жөндөмдөрүн бекемдеп, алардын келечектеги адис катары калыптанышына чоң салым кошту.