1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

10

БАС кафедрасы окуучулар менен жолугушуу өткөрдү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын окутуучулары Сузак районундагы Кочкор Эрматов атындагы орто мектепте окуучулар менен жолугушуу уюштурушту.

Жолугушууга кафедра башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович жана окутуучулар курамы катышып, окуучуларга университеттеги билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку окуу жайында окутулган адистиктер, заманбап билим берүү шарттары жана келечектеги кесип тандоонун мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү жана IT тармагындагы актуалдуу багыттар боюнча маалыматтар айтылды.

Жолугушуунун соңунда окуучулар активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, пайдалуу жоопторду алышты.

Бул иш-чара жаштарга туура кесип тандоодо багыт берип, алардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.