1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

15

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын окутуучулары Базар-Коргон районунда профориентациялык иштерди жүргүзүүдө

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын улук окутуучусу Надырбек уулу Эпос жана окутуучу Сулайманов Абдысатар Саматович Базар-Коргон районундагы мектептерде профориентациялык иштерди активдүү жүргүзүп жатышат.

Иш-чаранын алкагында окутуучулар бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жолугушуп, ветеринардык медицина адистигинин мааниси, келечеги, окуу шарттары, студенттерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришүүдө. Ошондой эле окуучуларды АТИде билим алууга чакырып, алардын суроолоруна жооп берип, кесип тандоодо туура багыт алууга көмөк көрсөтүшүүдө.

Профориентациялык иштер төмөнкү билим берүү мекемелеринде жүргүзүлдү:

Рыскул Чойбеков атындагы №27 орто жалпы билим берүү уюму

Сатыбалды Далбаев атындагы №17 жалпы билим берүү орто мектеби

Жумалы атындагы №15 орто мектеби

Жусуп Турусбеков атындагы №33 жалпы билим берүүчү орто мектеби

Камал Артыкалиев атындагы №25 жалпы билим берүүчү орто мектеби

№14 "1-Май" жалпы билим берүүчү орто мектеби

Капарбек атындагы №12 орто мектеби

Мындай профориентациялык иш-чаралар окуучуларга келечектеги кесибин туура тандоого багыт берип, ветеринардык тармакка кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт. Ал эми бул сыяктуу иштерди мындан ары да улантуу пландалууда.