1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

17

В-1-22 тайпасынын студенттеринин өндүрүштүк-врачтык практикасынан көрүнүштөр

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-22 тайпасынын студенттери өндүрүштүк-врачтык практика учурунда алган теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, ар түрдүү ветеринардык иш-чараларга активдүү катышып жатышат.

Практиканын алкагында студенттер мал чарба объектилеринде болуп, жаныбарларды кароо, диагноз коюу, дарылоо жана алдын алуу иштерине көмөктөшүштү. Ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо, зооноздук оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, студенттер мектептерге барып, жогорку класстын окуучуларына жугуштуу оорулар, анын ичинде бруцеллёз, эхинококкоз сыяктуу зооноздук оорулар тууралуу маалымат берип, калк арасында ветеринардык сабаттуулукту жогорулатууга өз салымдарын кошушту.

Өндүрүштүк-врачтык практика студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, алардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адис катары калыптануусуна өбөлгө түзүүдө.