1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

АТИде профориентациялык иш-чаралар улантылып жатат

Профориентациялык иш-чаралар улантылып, бүгүн АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын окутуучусу Төлөгөнова Жибек эжекенин жетекчилиги алдында В-1-24 жана В-1-21 тайпаларынын студенттери Жаныбекова Айдана жана Кадырбекова Жанара Аксы районундагы Райкамол жана Кичи-Ак-Жол айылдарындагы Отунчу Ташкулов атындагы №20 орто мектебине жана Матен Сыдыков атындагы №17 жалпы билим берүүчү орто мектебине барып, жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө окуучуларга Жалал-Абад мамлекеттик университети, ветеринардык медицина адистиги, окуу шарттары, бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Ошондой эле окуучулар менен ачык баарлашуу уюштурулуп, презентациялар көрсөтүлүп, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Мындай профориентациялык иш-чаралар окуучулардын кесип тандоосуна туура багыт берип, жогорку окуу жайлар менен мектептердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт