1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

 Аксы районундагы мектептерге ЖАМУга окууга тапшыруудагы артыкчылыктар боюнча маалымат берилди

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын окутуучусу Төлөгөнова Жибек Зарылбековнанын жетекчилиги алдында В-1-24 жана В-1-21 тайпаларынын студенттери Жаныбекова Айдана жана Кадырбекова Жанара Аксы районундагы мектептерде профориентациялык иш-чараларды өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү 5 мектепте жолугушуулар уюштурулду:

Жаңы-Жол айылындагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектеби

Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү №23 Кадыркул Чекиров атындагы орто мектеби

Кара-Суу айылындагы №9 Жеңижок атындагы орто мектеби

№38 Сулайман Айтиев атындагы Кызыл-Туу жалпы орто билим берүү мектеби

№19 Мамадалы Барпиев атындагы «Жылгын» жалпы билим берүү мектеби

Жолугушуулардын жүрүшүндө 11-класстын окуучуларына Жалал-Абад мамлекеттик университети тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча ветеринардык медицина адистигинин артыкчылыктары, окуу мүмкүнчүлүктөрү, келечектеги кесиптик багыттары тууралуу түшүндүрмөлөр айтылды.

Мындан тышкары, бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр, керектүү документтер жана жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарынын мааниси тууралуу да маалымат берилди.

Ошондой эле окуучуларга презентациялар көрсөтүлүп, алардын суроолоруна жооптор берилди. Мындай профориентациялык иш-чаралар жаштарды туура кесип тандоого багыттоо менен жогорку окуу жайлар менен мектептердин ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.