1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

ЭС-1-23 тайпасынын студенттерин өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунда окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык «Электроэнергетика жана электротехника» багытынын ЭС-1-23 тайпасынын студенттерин өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча уюштуруу конференциясы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага институттун директору, кафедра башчысы, өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси, практика жетекчилери жана студенттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге өндүрүштүк практиканын максаты, милдеттери, өтүү тартиби жана коопсуздук эрежелери боюнча кеңири маалымат берилди.

Өндүрүштүк практика 2026-жылдын 6-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлүп, студенттер Жалал-Абад электр тармактары, Токтогул ГЭСтер каскады жана Вантун Гуожи ЖЧК ишканаларында практикадан өтүшөт.

Конференцияда студенттерди практикага даярдоо, жетекчилерди дайындоо жана өндүрүштөгү иш тартиби боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле студенттерге практика учурунда өндүрүштүк дисциплинаны сактоо, коопсуздук техникасынын талаптарын так аткаруу жана теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу зарылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерге практиканы ийгиликтүү өтүү боюнча сунуштар берилип, алдыдагы өндүрүштүк ишмердүүлүккө багытталган тапшырмалар жүктөлдү.