1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

БАС кафедрасында экстремизмге жана терроризмге каршы алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында экстремизмге жана терроризмге каршы иштердин алдын алуу максатында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Манас шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышып, студенттер менен биргеликте маанилүү маселелер талкууланды. Ошондой эле жыйынга БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана профессордук-окутуучулук курам активдүү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер ар бир тайпа боюнча даярдаган презентацияларын көрсөтүшүп, экстремизм жана терроризм темасына байланыштуу өз ойлорун билдиришти. Милиция кызматкерлери тарабынан темага байланыштуу түшүндүрмөлөр берилип, профилактикалык иштердин мааниси баса белгиленди.

Иш-чаранын соңунда суроо-жооп форматында кызыктуу талкуу уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Бул тегерек стол жаштардын аң-сезимин жогорулатууга жана коопсуз коомду түзүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.