1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

Жумуш ордунда окутуу: ишкананын окуу бөлүмүндөгү окутуу процесси менен таанышуу

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун ЭС-1-25 тайпасынын студенттери үчүн окуу планына ылайык жумуш ордунда окутуу иш чарасы Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын  окуу бөлүмүндө  уюштурулду.

Иш чаранын негизги максаты — студенттерди ишканада кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу процесси менен тааныштыруу, ошондой эле заманбап окутуу ыкмаларын практика жүзүндө көрсөтүү болуп саналат.

 Иш чаранын темасы:

«Энергетика тармагында кадрларды даярдоо жана окутуунун заманбап ыкмалары»

Иш чараны окуу бөлүмүнүн жетекчиси Койчумканова Гулжан эже жетектеди.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер ишкананын адистери үчүн өткөрүлүп жаткан окуу сабагына күбө болуп, алар менен бирге катышып, окуу процессине активдүү аралашышты. Сабак учурунда кызматкерлердин кесиптик билимдерин жогорулатууга багытталган практикалык жана теориялык материалдар берилди.

Өзгөчө көңүл заманбап окутуу ыкмаларына бурулуп, видеоматериалдар, анын ичинде энергетика тармагындагы ар кандай кырдаалдарды жана адистердин иш-аракеттерин чагылдырган мультфильм жана видеороликтер колдонулду. Бул ыкма окуучулардын кызыгуусун арттырып, маалыматты жеңил жана жеткиликтүү кабыл алууга шарт түзөрү белгиленди.

Студенттер мындай окутуу форматы менен жакындан таанышып, энергетика тармагында кадрларды даярдоонун өзгөчөлүктөрү жана окутуунун эффективдүү ыкмалары тууралуу баалуу маалымат алышты.

Жыйынтыгында, иш чара студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, аларга келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө окутуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү процесстеринин маанисин түшүнүүгө көмөк көрсөттү.