1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

Жумуш ордунда окутуу: көмөк чордондор бөлүмүнүн  оңдоо-түзөө цехинин ишмердүүлүгү менен таанышуу

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун ЭС-1-25 тайпасынын студенттери үчүн «Электротехникалык материалдар» предметинин алкагында жумуш ордунда окутуу  иш чарасы Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын көмөк чордондор бөлүмүнүн  оңдоо-түзөө цехинде өткөрүлдү.

Иш чаранын негизги максаты — студенттерди көмөк чордонундагы оңдоо-түзөө иштеринин өзгөчөлүктөрү, колдонулган электротехникалык материалдар жана жабдууларды калыбына келтирүү процесстери менен практикалык негизде тааныштыруу болуп саналат.

Иш чаранын темасы:«Көмөк чордондор бөлүмүнүн  оңдоо-түзөө цехинде жүргүзүлүүчү иштер жана колдонулган электротехникалык материалдар»

Иш чараны цехтин кызматкери Тилешов Кадырали өткөрүп, студенттерге оңдоо-түзөө цехинин негизги функциялары жана аткарган жумуштары тууралуу кеңири маалымат берди.

Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер төмөнкү багыттар боюнча таанышышты:

-өлчөөчү трансформаторлорду калыбына келтирүү жана текшерүү процесстери;

-муздатуу системасында колдонулган электр кыймылдаткычтарды кайра оромдоп (перемоткалоо) ишке даярдоо;

-жогорку чыңалуудагы вводдордун изоляцияларын алмаштыруу ыкмалары;

- изоляциялык материалдарды кургатуу (сушка) иштерин жүргүзүү технологиялары;

- жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда оңдоо иштеринин мааниси.

Ошондой эле студенттерге оңдоо иштеринде колдонулуучу материалдардын сапаты, техникалык коопсуздук эрежелери жана өндүрүштүк дисциплина боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйынтыгында, студенттер көмөк чордондор бөлүмүнүн  оңдоо-түзөө цехинин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, электр жабдууларын калыбына келтирүү боюнча практикалык түшүнүктөрдү алышты жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүштү.