1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Жумуш ордунда окутуу: көмөк чордонунда колдонулган электротехникалык материалдар менен таанышуу

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун ЭС-1-25 тайпасынын студенттери үчүн окуу планына ылайык жумуш ордунда окутуу иш чарасы Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын 110/35/6–10 кВ чыңалуудагы көмөк чордонунда өткөрүлдү.

Иш чаранын негизги максаты — студенттерди көмөк чордонунда колдонулган электротехникалык жабдуулар жана аларда пайдаланылган материалдардын түрлөрү менен өндүрүш шартында тааныштыруу, ошондой эле теориялык билимдерди практика менен айкалыштыруу болуп саналат.

Иш чаранын темасы:

«Көмөк чордонунда колдонулган электротехникалык материалдардын түрлөрү жана алардын колдонулушу»

Иш чараны тармактын адиси Мурзабаев Жумалы алып барды.

Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер төмөнкү багыттар боюнча маалымат алышты жана таанышышты:

- көмөк чордонунда орнотулган негизги жабдуулар (трансформаторлор, өчүргүчтөр, ажыраткычтар) жана алардын конструкциясы;

-электр жабдууларында колдонулган өткөргүч материалдар (жез, алюминий) жана алардын касиеттери;

-изоляциялык материалдардын түрлөрү (май, фарфор, полимер) жана алардын колдонулуш өзгөчөлүктөрү;

-жогорку чыңалуудагы жабдууларда колдонулуучу диэлектрикалык материалдардын ролу;

-жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда материалдардын сапатынын мааниси.

Ошондой эле студенттерге көмөк чордонундагы жабдууларды эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелери, техникалык тейлөө жана материалдардын иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйынтыгында, студенттер көмөк чордонунун түзүлүшү жана анда колдонулган электротехникалык материалдар тууралуу кеңири түшүнүк алышып, өндүрүштүк шартта практикалык билимдерин бекемдешти.