1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Жумуш ордунда окутуу: Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын структуралык түзүмдөрү менен таанышуу

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун ЭС-1-25 тайпасынын студенттери үчүн окуу планына ылайык жумуш ордунда окутуу иш чарасы Жалал-Абад электр тармактары ишканасында өткөрүлдү.

Иш чаранын негизги максаты — студенттерди ишкананын структуралык түзүмдөрү, алардын функциялары жана энергетика тармагындагы ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, ошондой эле 1-курстун студенттерин кесипке багыттоо болуп саналат.

Иш чаранын темасы:

«Электр тармактары ишканасынын структуралык түзүмдөрү жана кадрдык саясат»

Иш чараны ишкананын кадрлар бөлүмүнүн башчысы  Сатыбалдиева Анара

Анара эжекенин коштоосунда уюштурулду.

Иш чарага ишкананын негизги бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн иш багыттары боюнча кеңири маалымат беришти. Ар бир бөлүмдүн адистери энергетика тармагында аткарган жумуштарынын өзгөчөлүктөрү, колдонулган технологиялар жана өндүрүш процесстери тууралуу түшүндүрүштү.

Ошондой эле студенттерге төмөнкү багыттар боюнча маалыматтар берилди:

-ишкананын структуралык түзүлүшү жана ар бир бөлүмдүн функциялары;

-энергетика тармагындагы адистердин ролу жана жоопкерчилиги;

-кадрдык саясат, кызматка кабыл алуу талаптары жана адистерди тандоо принциптери;

-жаш адистер үчүн карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана кесиптик өнүгүү жолдору.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер активдүү суроолорду берип, келечектеги кесиптик багыты боюнча керектүү маалыматтарды алышты.

Жыйынтыгында, бул иш чара студенттерди кесипке багыттоодо, алардын келечектеги адистигине болгон кызыгуусун арттырууда жана өндүрүш менен билим берүүнүн байланышын чыңдоодо маанилүү роль ойной турганы белгиленди.