1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

БАС кафедрасында IT тармагындагы адистер менен жолугушуу өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында IT Жогорку технологиялар паркынын директору Нурзада айым жана EPAM Systems компаниясынын директору Алмаз мырзанын катышуусунда студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) тармагында биргелешип иш алып баруу, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү.

Меймандар IT тармагындагы заманбап талаптар, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана студенттер үчүн ачылган жаңы багыттар боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүшүштү. Ошондой эле студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден пайдалуу кеңештерди алышты.

Бул жолугушуу студенттердин кесиптик багыт алуусуна көмөк көрсөтүп, билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.