1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

Электроэнергетика багытындагы студенттердин билим деңгээлин баалоо боюнча олимпиада

Агрардык-техникалык институтунун «Электроэнергетика жана механика» кафедрасында институттук деңгээлде «Электр коопсуздугунун негиздери» жана «Электр менен камсыздоо» предметтери боюнча олимпиада уюштурулду.

Олимпиадага ЭС-1-23 тайпасынын студенттери активдүү катышышты. Иш чарага институттун жетекчилиги, кафедра башчысы жана предметтик окутуучулар катышып, студенттердин билим деңгээлине баа беришти.

Жыйынтыгында жалпы предметтер боюнча:

Таштанов Элмырза — I орун;

Кыдыралиев Данияр — II орун;

Жакыпжанов Тилек — III орунду багындырышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында катышуучулар жана жеңүүчүлөр университеттик деңгээлде өтүүчү олимпиадага катышууга сунушталышты.

Ошондой эле иш чаранын соңунда бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилди.

Олимпиаданын негизги максаты — студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, кесиптик даярдыгын бекемдөө жана атаандаштык чөйрөдө өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө шарт түзүү болуп саналат.