1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

«Кыргызстандагы терроризм жана экстремизм: абалы, түрлөрү, келип чыгуу себептери жана алдын алуу жолдору» темасында куратордук саат өткөрүлдү.

2026-жылдын 31-мартында ЭЭСС-1-24 тайпасында «Кыргызстандагы терроризм жана экстремизм: абалы, түрлөрү, келип чыгуу себептери жана алдын алуу жолдору» темасында куратордук саат өткөрүлдү.

Куратордук саатты тайпанын куратору Ташиев З.К. алып барды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге терроризм жана экстремизм түшүнүктөрү, алардын коомго тийгизген терс таасири, ошондой эле Кыргызстандагы учурдагы абалы тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, теманын алкагында терроризм жана экстремизмдин негизги түрлөрү, алардын келип чыгуу себептери жана жаштар арасында алдын алуу жолдору кеңири талкууланды.

Куратор тарабынан даярдалган презентация аркылуу тема жеткиликтүү түшүндүрүлүп, студенттер активдүү катышып, өз ойлорун билдиришти жана суроолоруна жооп алышты.

Иш-чарага кафедранын окутуучулары жана кафедра башчысы катышып, студенттерге пайдалуу сунуш-пикирлерин беришти.

Жыйынтыгында куратордук саат максатына жетип, студенттердин терроризм жана экстремизм боюнча маалымдуулугу жогорулады.