1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-22 тайпасынын студенттери өндүрүштүк-врачтык практикасынын алкагында коомчулукка пайдалуу агартуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Атап айтканда, студенттер мектептерге барып, 8-9-10-класстардын окуучуларына зооноздук оорулар тууралуу маалымат беришүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө бруцеллёз, эхинококкоз жана кутурма сыяктуу адам жана жаныбарлар үчүн кооптуу болгон оорулардын жугуу жолдору, алдын алуу чаралары жана коргонуу ыкмалары кеңири түшүндүрүлдү.

Түшүндүрүү иштери #27 Закиржан Бакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде жана #9 Ратбек Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өткөрүлдү. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, пайдалуу маалыматтарды алышты.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралардын башталышы гана болуп саналат. Мындай агартуу иштерин Манас шаарынын бардык мектептеринде жүргүзүү пландалууда.

Бул сыяктуу иш-чаралар жаш муундардын ден соолугун сактоодо, зооноздук оорулардын алдын алууда жана ветеринардык маданиятты жогорулатууда чоң мааниге ээ.