1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

34

«Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" аттуу темада тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасы тарабынан В-1-25 тайпасынын студенттеринин катышуусунда

«Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев)» аттуу темада тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чарага төмөнкү жетекчилер жана окутуучулар катышты:

АТИнин директору, э.и.д., профессор Карбекова А.Б.

директордун орун басары Маматураимова Н.А.

а/ч.и.д., профессор Орозбаев Б.С.

Ветеринардык медицина кафедрасынын үйрөнчүк окутуучулары Ормонов К.К. жана Сыдыкова Г.Э.

Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер тарыхый инсандардын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана тарыхый ролу тууралуу баяндамаларды жасашты.

Доклад жасаган студенттер:

Абдыкерим Сыдыков – Исраилов Рыскулбек

Касым Тыныстанов – Сабытбекова Элзира

Абдыкадыр Орозбеков – Абдураимов Алтынбек

Ишеналы Арабаев – Кушназарова Наристе

Жусуп Абдрахманов – Шерматова Айша

Иш-чаранын соңунда талкуу уюштурулуп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, пикир алмашуу жүргүзүлдү. Тегерек стол студенттердин тарыхый билимин кеңейтүүгө жана жарандык-патриоттук тарбиясын чыңдоого багытталды.