1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

Агрардык-техникалык институтунда студенттер арасында олимпиада өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында 1- жана 5-курстардын студенттеринин арасында предметтик олимпиада ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана атаандаштык духун чыңдоо максатын көздөдү.

Олимпиаданын алкагында:

1-курс студенттери «Адистикке киришүү» сабагы боюнча,

5-курс студенттери «Акушерство жана гинекология» жана «Ветеринардык ишкердүүлүк» сабактары боюнча өз билимдерин сынашты.

Жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

🔹 1-курс (Адистикке киришүү):

1-орун — Садиров Жумабек

2-орун — Исраилов Рыскул

3-орун — Сабытбекова Элзира

🔹 5-курс (Акушерство жана гинекология):

1-орун — Абдыманапов Аскаралы

2-орун — Джолдошев Эгемберди

3-орун — Кадырбекова Жанара жана Тезекбаев Марсбек

🔹 5-курс (Ветеринардык ишкердүүлүк):

1-орун — Курванов Мирослав

2-орун — Нурмаматов Баймамат

3-орун — Кулмамат уулу Бейшеналы

Олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер активдүү катышып, өздөрүнүн теориялык жана практикалык билимдерин көрсөтө алышты. Мындай иш-чаралар келечектеги адистердин кесипкөйлүгүн арттырууда маанилүү роль ойнойт.