1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

«Биз диний экстремизмге каршыбыз» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 1- жана 5-курс студенттеринин катышуусунда «Биз диний экстремизмге каршыбыз» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — жаштар арасында диний экстремизмдин коркунучтарын түшүндүрүү, туура диний түшүнүктү калыптандыруу жана коомдук коопсуздукту сактоого багыт берүү болду. Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар экстремизмдин пайда болуу себептери, анын терс кесепеттери жана алдын алуу жолдору тууралуу пикир алышышты.

Окутуучулар студенттерге мыйзамдуулукту сактоо, сынчыл ой жүгүртүү жана маалыматтарды туура талдоо маанилүү экендигин баса белгилешти. Ошондой эле студенттер өз ойлорун активдүү билдирип, талкууга катышышты.

Мындай иш-чаралар жаштардын аң-сезимин жогорулатууга жана коомдо тынчтыкты, туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөт.