1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы семинарга катышып келишти

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы ФАО/ГЭФ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу» аттуу долбоорунун алкагында уюштурулган семинарга катышып келишти.

Семинардын жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу жана генетикалык модификацияланган организмдерди (ГМО) колдонуу маселелери кеңири талкууланды. Атап айтканда, ГМОну күнүмдүк жашоодо колдонууга болобу же болбойбу деген актуалдуу темада адистер тарабынан мазмундуу баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын алкагында ГМО продукцияларынын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, алардын коопсуздугун баалоо ыкмалары, ошондой эле биокоопсуздук талаптарын сактоо маселелери кеңири каралып, катышуучулар үчүн пайдалуу маалыматтар берилди.

Семинар ветеринария тармагындагы адистердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө жана заманбап биокоопсуздук талаптары менен таанышууга чоң өбөлгө түздү.