1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Социалдык адилеттүүлүк айлыгынын алкагындагы кайрымдуулук иш-чарасы

ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун профессордук-окутуучулук курамы Манас шаарында өткөрүлүп жаткан «Социалдык адилеттүүлүк айлыгынын» алкагында кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты — аз камсыз болгон, майыптыгы бар жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга жардам көрсөтүү жана аларга моралдык колдоо берүү болду.

Бул алкакта институттун өкүлдөрү Пушкин көчөсү 31-3 дарегинде жашаган Крохин Василий Валентиновичтин үйүнө барышып, анын жашоо-шарты менен таанышып, кабар алышты. Жолугушуу учурунда жылуу сөздөр айтылып, адамгерчилик жана кайрымдуулук баалуулуктары дагы бир ирет баса белгиленди.

Профессордук-окутуучулук курам үй ээсине жардам көрсөтүү максатында ар кандай керектүү азык-түлүктөрдү жана күнүмдүк турмушка зарыл болгон буюмдарды алып барышты. Бул жардам анын жашоо-шартын жеңилдетүүгө багытталган чакан болсо да маанилүү колдоо болду.

Мындай демилгелер коомдо боорукерликти, өз ара жардамдашууну жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун жамааты мындан ары да ушундай кайрымдуулук иштерин улантып, коомго пайда алып келүүгө умтулат.