1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

35

Чаткал районунда профориентациялык иш-чара өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын доктору Орозбаев Б. С. Чаткал районуна караштуу мектептерде профориентациялык иш-чара өткөрүп келди.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү билим берүү мекемелерине барып, окуучуларга ветеринардык медицина адистиги тууралуу кеңири маалымат берилип, кесип тандоодо багыт көрсөтүлдү:

С. Байдоолотов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектеп

Директору: Эгембердиев Акжол Сүйүтбекович

Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектеп

Директору: Кайыпова Айтбү Ашырбековна

А. Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеп

Директору: Кубатбекова Нурайым Рахманкуловна

Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеп

Директору: Тойчиева Айнура Жолборсбековна

Жолугушуулар учурунда окуучуларга ветеринардык медицина тармагынын өзгөчөлүктөрү, келечектеги мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку окуу жайларга тапшыруу шарттары тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Окуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышып, кесип тандоодо пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

Мындай профориентациялык иштер жаштардын туура кесип тандоосуна көмөк көрсөтүп, алардын келечегине туура багыт берүүдө чоң мааниге ээ.