1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

43

QS ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГИНИН КРИТЕРИЙЛЕРИ БОЮНЧА ЖАМУНУН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮН ЖОГОРУЛАТУУ ЖӨНҮНДӨ СЕМИНАР

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илим-билимдин сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү семинар болуп өттү. Университеттин тышкы байланыштар департаментинин директору Арапбаев Русланбек Нурмаматович тарабынан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун профессордук-окутуучулук курамына арналган мазмундуу жана пайдалуу семинар уюштурулду.

Аталган семинар QS  эл аралык рейтингинин критерийлерин терең түшүндүрүүгө жана университеттин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө багытталды. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга эл аралык рейтингдин негизги көрсөткүчтөрү, атап айтканда, академиялык аброй, иш берүүчүлөрдүн баалоосу, илимий макалалардын цитаталануу деңгээли, окутуучулар менен студенттердин катышы, ошондой эле эл аралык кызматташтык маселелери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Семинардын жүрүшүндө Арапбаев Русланбек Нурмаматович университеттин рейтингдеги позициясын жогорулатуу үчүн бир катар практикалык сунуштарды берди. Алардын ичинде илимий изилдөөлөрдүн сапатын арттыруу, эл аралык журналдарда макалаларды көбүрөөк жарыялоо, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү жана билим берүү процессине заманбап инновациялык ыкмаларды киргизүү сыяктуу маанилүү багыттар камтылды.

Ошондой эле профессордук-окутуучулук курам активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пикир алышуу жандуу форматта өттү. Бул өз кезегинде семинардын натыйжалуулугун арттырып, жаңы идеялардын жаралышына шарт түздү.

Жыйынтыгында мындай иш-чаралар университеттин өнүгүүсүнө чоң салым кошору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди. Семинар жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жаңы дем, жаңы максаттарды тартуулады.