1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

44

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-22 тайпасынын студенттери өндүрүштүк-врачтык практикадан өтүүдө.

Практиканын жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, ветеринардык кызмат көрсөтүү тармагында өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышууда.

Практика учурунда алар жаныбарларды кароо, диагноз коюу, дарылоо жана алдын алуу иш-чараларына активдүү катышып, тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги алдында иш алып барышууда. Мындай практикалык иштер студенттердин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө чоң салым кошот.

В-1-22 тайпасынын студенттерине практика учурунда ийгиликтерди каалайбыз!