1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

34

БАС кафедрасынын магистранттары аймактык илимий конференцияда ийгиликтүү катышты

Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII аймактык студенттик илимий конференцияга Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын магистранттары активдүү катышып келишти.

Илимий конференциянын алкагында студенттер жана магистранттар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштап, илимий-техникалык прогресстин актуалдуу маселелери боюнча баяндамалар менен чыгышты. БАС кафедрасынын магистранттары да өз тармагына тиешелүү темалар боюнча доклад жасап, илимий талкууларга активдүү катышышты.

Конференциянын жыйынтыгында ИЭТ(маг)веч-1-25 тайпасынын магистранты Имодилаев Фахридин Зухридинович ийгиликтүү баяндама жасап, III орунду ээлеп, жогорку жетишкендикке жетишти. Ошондой эле ИЭТмаг-1-24 тайпасынын магистранты Якупов Улукбек Келдибаевич илимий макаласынын мазмундуулугу жана актуалдуулугу үчүн сертификат менен сыйланды.

Бул жетишкендиктер БАС кафедрасында илимий-изилдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, магистранттардын илимий потенциалы жогору экендигин жана алардын аймактык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү экендигин далилдейт. Кафедра жамааты магистранттарды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы илимий ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт.