1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

31

Илимий конференциялар магистранттар менен биргеликте

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илим айынын алкагында жана Кыргыз Республикасында белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Илим жана коом: жаңы чакырыктар” аталышындагы илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Аталган конференциянын алкагында БАС кафедрасы тарабынан №5 секция — «Борборлоштурулган автоматтык системалар» секциясы өткөрүлдү. Секциянын ишине профессордук-окутуучулук курам, магистранттар, студенттер жана илимий изилдөөчүлөр активдүү катышышты.

            Секциялык жыйында катышуучулар борборлоштурулган автоматтык системалар тармагындагы актуалдуу маселелер, заманбап технологиялардын өнүгүү багыттары жана алардын коомдук турмуштагы орду тууралуу баяндамалар менен чыгышты. Баяндамалар талкууланып, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, мазмундуу пикир алмашуулар болду.

Илимий сессиянын жыйынтыгында активдүү катышкан ИЭТмаг-1-24 тайпасынын жанан ИЭТ(маг)веч-1-25 тайпасынын студенттери мазмундуу баяндамаларды жасаган катышуучулар тиешелүү дипломдор менен сыйланышты.