1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

26

АТИде магистранттар диссертациялык темаларын талкуулашты

ИЭТмаг-1-24 тайпасынын магистранттары БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов менен жолугушуп, диссертациялык иштеринин темаларын талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө магистранттар өздөрүнүн изилдөө багыттары боюнча маалымат берип, алдыдагы диссертациялык иштерди даярдоо жана коргоо маселелери каралды.

Кафедра башчысы магистранттарга диссертациялык ишти даярдоонун өзгөчөлүктөрү, илимий изилдөөнү туура уюштуруу жана коргоого даярдануу боюнча маанилүү кеңештерди берди. Ошондой эле изилдөөнүн актуалдуулугу, максат-милдеттерин так аныктоо жана практикалык маанисине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Магистранттар жолугушууга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Жолугушуу конструктивдүү жана пайдалуу маанайда өттү.

Мындай жолугушуулар магистранттардын илимий иштерин сапаттуу даярдоого жана ийгиликтүү коргоосуна өбөлгө түзөт.