1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

30

Кыргыз-Орус достук паркында курулуп жаткан Данк аллеясынын алкагында маанилүү экологиялык жана коомдук иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз-Орус достук паркында курулуп жаткан Данк аллеясынын алкагында маанилүү экологиялык жана коомдук иш-чара өткөрүлдү. Аллеянын курулушуна чейин аймакты көрктөндүрүү максатында Кыргызстандагы славян диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чарага ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-25 тайпасынын студенттери да активдүү катышып, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга өз салымдарын кошушту. Студенттердин мындай демилгелерге катышуусу алардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу менен бирге, табиятка болгон аяр мамилесин калыптандырууда чоң мааниге ээ.

Аталган иш-чара коомдук биримдикти чыңдоого, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана шаар аймагын көрктөндүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.