1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

26

АТИде магистранттар менен илимий жолугушуу өткөрүлдү

ИЭТ (маг) веч-1-25 тайпасынын магистранттары үчүн философия илимдеринин кандидаты, доцент Шамшиев Расул Кеңешович тарабынан жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө агай өзүнүн көп жылдык илимий-педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерге кесиптик багытта пайдалуу кеңештерди берди.

Жолугушууда магистранттарга илимий изилдөө жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, заманбап билим берүү талаптары, ошондой эле кесиптик өнүгүү жолдору тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле студенттердин өз алдынча иштөөсү, жоопкерчилиги жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү маселелери да белгиленди.

Магистранттар жолугушууга активдүү катышып, кызыктырган суроолорун берип, аларга толук жооп алышты. Жолугушуу жылуу жана мазмундуу маанайда өттү.

Мындай иш-чаралар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдоого өбөлгө түзөт.