1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

«Техносфералык коопсуздук» багыты боюнча ОКк-1-22 тайпасынын студенттери квалификациялык иш алдындагы практикасын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында өтөөдө.

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын «Техносфералык коопсуздук» багыты боюнча ОКк-1-22 тайпасынын студенттери квалификациялык иш алдындагы практикасын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында өтөөдө. Практиканын жүрүшүндө студенттер атайын уюштурулган өрт өчүрүү боюнча машыгууга активдүү катышышты. Бул машыгуу өзгөчө кырдаалдар учурунда туура жана ыкчам аракет көрүү жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган. Машыгуунун алкагында студенттерге өрт коопсуздугунун негизги эрежелери, өрттүн келип чыгуу себептери жана анын алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, өрт чыккан учурда адистердин аткаруучу иш-аракеттери боюнча практикалык окуу өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттери, жабдууларды туура пайдалануу, өрттү локалдаштыруу жана толук өчүрүү этаптары көрсөтүлдү. Студенттер өрт өчүрүү техникасы менен таанышып, өрт өчүргүч каражаттарды колдонуу тартибин өз көздөрү менен көрүп, айрым элементтерин практика жүзүндө аткарууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал учурунда адамдарды эвакуациялоо, коопсуз аймакка чыгаруу, биринчи жардам көрсөтүү сыяктуу маанилүү аракеттер да түшүндүрүлдү. Бул окуу студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, аларды реалдуу шарттарда туура чечим кабыл алууга үйрөттү.

Жыйынтыгында, өткөрүлгөн машыгуу студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдарда жоопкерчиликтүү жана так аракеттенүүгө болгон жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту.