1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

АТИнин В-1-22 тайпасынын студенттери өндүрүштүк-врачтык практикага жөнөтүлдү

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында В-1-22 тайпасынын студенттерин 1 айлык өндүрүштүк-врачтык практикага узатуу конференциясы болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практика өтүүнүн максаттары, милдеттери жана талаптары кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле коопсуздук эрежелери жана өндүрүштө өзүн алып жүрүү маданияты боюнча нускама берилди.

Өндүрүш жетекчисинин суранычынын негизинде студенттер толугу менен Манас шаардык ветеринардык башкармалыгына жөнөтүлдү. Практиканын жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин бекемдеп, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.