1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Квалификациялык иш алдындагы практика ОКк-1-22 тайпасы

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын «Техносфералык коопсуздук» багыты боюнча ОКк-1-22 тайпасынын студенттери  квалификациялык иш алдындагы практикасын  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында өтөшүүдө. Бул практика студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесиптик жөндөмдөрүн калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ.

Квалификациялык иш алдындагы практика — бул «Техносфералык коопсуздук» багытында билим алып жаткан студенттер үчүн эң жоопкерчиликтүү жана маанилүү этаптардын бири болуп саналат. Ал дипломдук (квалификациялык) ишти сапаттуу жазууга түздөн-түз негиз түзүп, келечектеги адистин кесиптик даярдыгын бекемдейт. Практиканын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн адистиги боюнча реалдуу шарттарда иш алып барып, өндүрүштүк жана уюштуруучулук процесстер менен жакындан таанышышат.

Студенттер практиканы өтөөдө алдын ала түзүлгөн жол картага ылайык иш алып барышууда. Ар бир студентке өзүнүн квалификациялык ишинин темасына жараша жеке план түзүлүп, ошол план боюнча керектүү маалыматтарды, нормативдик документтерди жана практикалык материалдарды топтоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, алар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жоюу жана коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иш-чараларга катышып, кесиптик тажрыйбасын арттырууда.

Бул практика студенттер үчүн теориялык билимдерди бекемдөө менен гана чектелбестен, аларды жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана компетенттүү адис катары калыптандырууга чоң салым кошот.