1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында окуу практикасына жөнөтүү конференциясы өттү

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында В-1-23 тайпасынын студенттерин 3 жумалык окуу практикасына жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү. Иш-чарага кафедранын окутуучулары жана студенттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттердин практиканын максаты, милдеттери жана өтүү тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди. Практика учурунда студенттер өздөрүнүн теориялык билимдерин бекемдеп, ветеринардык тармактагы практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.

В-1-23 тайпасынын студенттери практика өтүү үчүн Базар-Коргон жана Сузак райондук ветеринардык башкармалыктарына, Манас шаардык ветеринардык башкармалыгына, ошондой эле «Агроветазия» ветеринардык аптекасына жөнөтүлдү.

Студенттердин окуу практикасынын жетекчилери болуп окутуучулар Орозбаев Болотбек Суюналиевич жана Масиркулов Эрнисбек дайындалды.

Иш-чаранын соңунда студенттерге практика учурунда жоопкерчиликтүү болуп, алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга чакырык айтылды.