1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-23 тайпасынын студенттери окуу практикасын өтүү үчүн тиешелүү өндүрүштүк мекемелерге жеткирилди

Практика жетекчилери студенттерди кабыл алуучу мекемелерге алып барып, ал жактагы практика жетекчилерине расмий түрдө дайындап тапшырышты.

Студенттер практика өтүү учурунда өз кесиптик билимдерин тереңдетип, теориялык алган билимин практика жүзүндө бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле, алар ветеринардык кызмат көрсөтүү тармагындагы реалдуу иш процесси менен таанышып, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Бул иш-чара студенттердин сапаттуу билим алуусуна жана келечекте жогорку деңгээлдеги адис болуп калыптанышына өбөлгө түзөт.