1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

Жалал-Абад областтык Өзгөчө кырдаалдардан коргоо башкы башкармалыгында окуу практикасына багыттоо

Агрардык-техникалык институтта Өзгөчө кырдаалдардан коргоо адистиги боюнча окуу практикасына багыттоо иш-чарасы өткөрүлдү

2026-жылдын 23-мартынан 11-апрелине чейин Агрардык-техникалык институттун Өзгөчө кырдаалдардан коргоо адистигинин студенттери Жалал-Абад областык Өзгөчө кырдаалдардан коргоо башкы башкармалыгында окуу практикасын өтүүгө багытталды.

Иш-чараны кафедра башчысы ачып, студенттерге практикадан күткөн максаттар жана мааниси тууралуу сөз сүйлөдү, практиканын жол картасында каралган тапшырмаларды аткарууда ийгилик каалады.

Практика жетекчилери Эргешов Б. жана Ташбулатов Б. студенттерди МЧС тин базасында аткаруучу иш-аракеттер жана коопсуздук эрежелери менен тааныштырды. Студенттер практика учурунда төмөнкү иштерди аткарышат:

 - Авариялык кырдаалдарды алдын алуу жана башкаруу боюнча практикалык тапшырмаларды аткаруу;

-  Өрттү өчүрүү, эвакуациялоо жана куткаруу иштерин көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүү;

- Техникалык жабдууларды (насостор, генераторлор, авариялык куралдар) колдонуп, өзгөчө кырдаалдар учурунда иштөө тажрыйбасын алуу;

-  Коопсуздук эрежелерин сактоо, жеке коргоочу каражаттарды туура колдонуу;

-  Практика жол картасында каралган документтерди толтуруу жана отчет жүргүзүү.

Студенттер практика учурунда төмөнкү компетенцияларды үйрөнүп чыгышат:

-Авариялык кырдаалдарды так баалоо жана натыйжалуу чараларды көрүү;

-Жеке жана топтук коопсуздук эрежелерин сактоо;

-Өндүрүштүк жабдуулар менен иштөөнүн техникалык өзгөчөлүктөрү;

-Практикалык көндүмдөрдү натыйжалуу колдонуу, мисалы, эвакуациялоо жана куткаруу иштеринде;

-Командалык иштөө жана коммуникация көндүмдөрү.

Студенттер практика учурунда өзгөчө көңүлдү төмөнкүдөй нерселерге бурушу керек:

-Коопсуздук эрежелерин жана МЧСтин стандарттарын так сактоо;

-Практикалык тапшырмаларды так жана толук аткаруу;

-Тажрыйба алуу үчүн активдүү катышуу жана суроолорду берүү;

-Жол карталардагы максаттарга ылайык аракет кылуу.

Практикадан кийин жыйынтыктоочу конференция өткөрүлүп, студенттер алган билимдерин, аткарылган иштерди жана жол картадагы тапшырмаларды презентациялар аркылуу көрсөтүшөт.

Бул практика студенттерди келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдоодо маанилүү роль ойнойт.