1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

Электроэнергетика жана механика кафедрасынын ЭС-1-25 тайпасы студенттерин жумуш ордунда окутуу

2026-жылдын 17-мартында Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын ЭС-1-25 тайпасынын студенттерине Электротехникалык материалдар предметинен жумуш ордунда окутуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын Изоляция бөлүмүндө өткөрүлдү. Иш-чаранын башталышында лектор Ташиев Замирбек студенттерге ЖООнун маанисин жана коопсуздук эрежелерин түшүндүрдү. Сабак учурунда студенттер Изоляция бөлүмүнүн негизги иш аракеттери жана функциялары менен таанышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерди электрикалык каражаттардын туруктуулугун жана иштөө сапатын текшерүү боюнча тажрыйба жасашты. Ошондой эле, ишкананын химия лабораториясынын кызматкери Мундузов Санжар практикалык окуу иштерин көрсөтүп, студенттерге түшүндүрмө берди. Студенттер өздөрү аракет жасап, көрүп таанышып, кызыктуу суроолорду берип, так жоопторду алышты.

Бул жумуш ордундагы окуутуу иш-чарасы студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги профессионалдык ишмердүүлүгүнө даярдоого багытталган маанилүү иш-чара болуп эсептелет.