1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

Башкаруу практикасы боюнча отчет ийгиликтүү корголду

Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын ИЭТ (маг) веч-1-25 тайпасынын магистранттары Башкаруу практикасы боюнча даярдаган отчетторун ийгиликтүү тапшырышты. Отчетторду коргоо жыйыны жогорку деңгээлде уюштурулуп, магистранттар өз иштерин мазмундуу жана ишенимдүү түрдө тааныштырышты.

Жыйынга Өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Шамиев Жакып Бакирович, БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов С.М., ошондой эле практика жетекчилери катышып, магистранттардын аткарган иштерине баа беришти.

Практиканын жыйынтыгы боюнча магистранттар теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, кесиптик деңгээлдерин жогорулатууга жетишкендиги белгиленди. Жетекчилер тарабынан ар бир магистранттын ишине оң баа берилип, келечектеги ишмердүүлүгүнө ийгиликтер кааланды.