1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

Агрардык-техникалык институтунда ишембилик

2026-жылдын 14-март күнү Агрардык-техникалык институтунда салтка айланган ишембилик иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – айлана-чөйрөнү тазалоо, институттун аймагын көрктөндүрүү жана студенттер менен окутуучулардын биргелешкен эмгеги аркылуу тазалык маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

Ишембиликке институттун профессордук-окутуучулук курамы жана ЭЭжанаМ кафедрасынын студенттери активдүү катышып, чоң жоопкерчилик менен эмгектеништи. Катышуучулар өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды тазалап, кургак жалбырактарды, таштандыларды жыйнап, айлана-чөйрөнү иретке келтиришти. Натыйжада Агрардык-техникалык институтуна бөлүнгөн аймак толугу менен тазаланып, тартипке келтирилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен окутуучулар ынтымакта иш алып барып, биримдиктин жана жоопкерчиликтин жакшы үлгүсүн көрсөтө алышты. Мындай ишембиликтер жаштарды эмгекке тарбиялоого, коомдук иштерге активдүү катышууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөйт.

Жалпысынан алганда, өткөрүлгөн ишембилик институттун аймагын таза кармоого гана эмес, ошондой эле студенттердин жана окутуучулардын ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, жамааттык духту көтөрүүгө чоң салым кошту.