1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

26

Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын окутуучусу Нышанов Бакытбек Михаиловичжараткан ийгилик

Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын окутуучусу Нышанов Бакытбек Михаилович инновациялык бизнес-идеялар сынагында ийгиликке жетишти. Ал сунуштаган «Өз алдынча иштеген суу-гравитациялык автономдуу микро гидроэлектр станциясы» аттуу долбоор жогорку баага ээ болуп, жыйынтыгында 963 783 сом өлчөмүндө гранттык каражатты утуп алды.

Бул долбоор заманбап технологияларды колдонуу аркылуу чакан, өз алдынча иштей алган микро гидроэлектр станциясын иштеп чыгууну максат кылат. Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — суунун табигый агымы менен гравитациялык күчтү пайдалануу аркылуу электр энергиясын өндүрүү. Мындай система кошумча чоң инфраструктураны талап кылбастан, экологиялык жактан таза жана үнөмдүү энергия булагын камсыздай алат.

Микро ГЭСтин мындай түрү айрыкча алыскы жана тоолуу аймактар үчүн өтө пайдалуу болуп саналат. Анткени электр энергиясы жетишсиз болгон же борбордук электр тармагына туташуу кыйын болгон аймактарда автономдуу энергия булагы катары колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, бул долбоор жаңылануучу энергия булактарын колдонуу аркылуу айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга көмөк көрсөтөт.

Аталган жетишкендик Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык демилгелердин жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу далилдейт. Ошондой эле бул ийгилик жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө жана өлкөбүздүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өз салымын кошот.