1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

23

Бүтүрүүчү менен маек: өндүрүштө ийгиликтүү эмгектенип жаткан адис

Электроэнергетика жана механика кафедрасы тарабынан даярдалган бүтүрүүчүлөр бүгүнкү күндө өлкөнүн энергетика тармагында ийгиликтүү эмгектенип, тармактын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишет. Ошондой адистердин бири – ЭС-1-97 тайпасынын бүтүрүүчүсү Турдумбетов Улан Арстанбекович, учурда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

Биз бүтүрүүчү менен жолугуп, анын кесиптик жолу жана ЖАМУ тууралуу ой-пикирлери менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

– Саламатсызбы, Улан Арстанбекович. Алгач өзүңүз тууралуу жана учурдагы ишмердүүлүгүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

  – Саламатсыздарбы. Мен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Электроэнергетика адистиги боюнча ЭС-1-97 тайпасын аяктагам. Азыркы учурда Жалал-Абад электр тармактар ишканасында капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жатам. Биздин бөлүм негизинен электр тармактарын реконструкциялоо, жаңы подстанцияларды жана электр берүү линияларын куруу, ошондой эле энергетикалык объекттерди модернизациялоо иштерин уюштуруу менен алектенет.

– Университетте алган билим сиздин кесиптик жолуңузда кандай роль ойноду?

– Университетте алган билимим менин кесиптик калыптанышымда абдан чоң роль ойноду. Окуу учурунда биз электр энергетикасынын теориялык негиздерин гана үйрөнбөстөн, практикалык сабактар аркылуу жабдуулар менен иштөөнүн негизги принциптерин да өздөштүргөнбүз. Бул билимдер өндүрүштө иштей баштаганда абдан жардам берди.

– Сиздин оюңузча, азыркы студенттердин даярдык деңгээли кандай?

– Азыркы студенттердин мүмкүнчүлүктөрү кеңири деп ойлойм. Университетте заманбап технологиялар, жаңы методикалар колдонулуп жатат. Эгер студенттер өз адистигине кызыгуу менен мамиле жасап, теориялык билимди практика менен айкалыштыра алышса, алардан мыкты адистер чыгат деп ишенем.

– ЖАМУнун студенттерине жана жаш адистерге кандай кеңеш берет элеңиз?

– Эң башкысы – өз кесибиңерди жакшы көрүү. Энергетика тармагы жоопкерчиликти, тактыкты жана үзгүлтүксүз үйрөнүүнү талап кылат. Университетте алган билимди бекемдеп, өндүрүштүк практика учурунда мүмкүн болушунча көбүрөөк тажрыйба топтоого аракет кылуу керек. Ошондо гана келечекте өз ишинин мыкты адиси болууга жол ачылат.