1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

Жалал-Абад электр тармактары ишканасы менен кызматташтык: иш берүүчү менен маек

Жалал-Абад электр тармактары ишканасы Электроэнергетика жана механика кафедрасы үчүн негизги өндүрүштүк өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Бул ишканада кафедранын студенттери үчүн окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана квалификациялык иш  алдындагы практикаларды өтүү боюнча база түзүлгөн. Практиканын жүрүшүндө студенттер энергетика тармагындагы реалдуу өндүрүш процесстери менен таанышып, электр жабдууларынын иштөө принциптерин өздөштүрүп, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча практикалык тажрыйба топтошот.

Мындан тышкары, кафедра окутуучулары менен ишкананын адистеринин ортосунда биргелешкен жолугушуулар, тажрыйба алмашуу иш-чаралары, өндүрүштүк семинарлар жана мастер-класстар  өткөрүлүп турат. Бул кызматташтык студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга чоң салым кошууда.

Ушул кызматташтыктын алкагында  Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын жетекчиси Уснов Сүйүн Турсуналиевич менен кыскача маек уюштурулду.

– Саламатсызбы, Сүйүн Турсуналиевич. Иш берүүчү катары сизден бир нече суроого жооп алып, окурмандар менен бөлүшсөк.

Саламатсыздарбы. Албетте, жооп берүүгө даярмын.

– Сиздин Жалал-Абад мамлекеттик университети тууралуу маалыматыңыз барбы?

– Албетте, маалыматыбыз бар. Жалал-Абад мамлекеттик университети аймактагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири. Айрыкча техникалык адистиктер, анын ичинде электроэнергетика багыты боюнча көп жылдан бери квалификациялуу адистерди даярдап келет. Биздин ишканада да ушул окуу жайды бүтүргөн адистер эмгектенип жатышат.

– ЖАМУдан практика өтүүгө келген студенттердин билим деңгээли жана кесиптик даярдыгы сизди канааттандырабы?

– Ооба, негизинен канааттандырат. Практикага келген студенттер теориялык жактан жакшы даярдык менен келишет. Алар электр тармактарынын иштөө принциптерин түшүнүп, схемаларды окуу, электр жабдуулары менен иштөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жетиштүү билимге ээ экенин көрсөтүшөт.

Практика учурунда студенттер биздин инженер-техникалык кызматкерлер менен бирге иш алып барып, подстанциялардын, электр берүү линияларынын жана башка энергетикалык жабдуулардын иши менен жакындан таанышышат. Бул аларга өндүрүш шартында тажрыйба топтоого жакшы мүмкүнчүлүк берет. Айрым студенттер практикадан кийин стажировкадан өтүүгө же келечекте биздин ишканада иштөөгө кызыгуусун билдиришет.

– Сиздин оюңузча, ЖАМУнун келечеги кандай болот?

– Менин оюмча, ЖАМУнун келечеги абдан жакшы. Университет заман талабына жооп берген билим берүү системасын өнүктүрүп, өлкөбүзгө керектүү адистерди даярдоодо чоң роль ойноп келет. Айрыкча энергетика тармагында квалификациялуу инженер кадрларга муктаждык жогору.

Университет менен өндүрүштүн ортосундагы мындай кызматташтык студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт. Ошондуктан мындан ары да ЖАМУ менен биргелешкен иштерди улантып, жаш адистерди даярдоого өз салымыбызды кошо беребиз.