1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

“Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы кароо-сынакта Агрардык-техникалык институтунун студенттери.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө №369 Жарлыгына ылайык, жаштардын патриоттук сезимин ойготуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүү максатында ЖАМУнун студенттери арасында “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы 2026-окуу жылына карата кароо-сынагы өткөрүлдү.

Бул маданий иш-чара студенттердин ынтымагын бекемдеп, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүүгө чоң өбөлгө түздү. Сынакка ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун студенттери да активдүү катышып, сахнада өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Алар улуттук маданиятты, каада-салтты, мекенчилдик сезимди чагылдырган көркөм номерлерди тартуулап, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты.

Аталган кароо-сынагына институттун үч кафедрасынан таланттуу жана чыгармачыл студенттер катышып, биримдиктин, достуктун жана мекенге болгон сүйүүнүн маанисин даңазалаган чыгыштарды даярдашты. Студенттер сахна маданиятын, чыгармачылык чеберчилигин жана командалык иштешүүнүн үлгүсүн көрсөтө алышты.

Бул иш-чарага катышкан студенттерди даярдап, алардын чыгармачылык иштерин уюштурууга жана сахналык номерлерди жогорку деңгээлде алып чыгууга Масиркулов Эрнисбек Искендербекович жетекчилик кылды. 

Мындай иш-чаралар студенттердин маданий дүйнөсүн байытып, патриоттук духун күчөтүп, жаштарды билимге, чыгармачылыкка жана биримдикке үндөйт. ЖАМУнун студенттери мындан ары да университеттин аброюн көтөрүп, билимде жана чыгармачылыкта жогорку жетишкендиктерди багындыра берерине ишеним чоң.