1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

Электроэнергетика жана механика кафедрасында иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Б.Осмонов атындагы илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Агрардык-техникалык институтуна караштуу Электроэнергетика жана механика кафедрасында иш берүүчүлөр менен кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Жыйындын негизги максаты – кафедрада даярдалып жаткан адистиктер боюнча негизги билим берүү программаларын (НББП) талкуулоо жана өндүрүш өкүлдөрүнүн сунуштарын алуу болду.

Жыйынга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана тармактык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйынды кафедра башчысы, т.и.к., доцент К.А. Кокумбаева алып барды.

Жолугушууда кафедрада ишке ашырылып жаткан төмөнкү багыттар боюнча билим берүү программалары талкууланды:

-640200 – Электроэнергетика жана электротехника (электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр, электр менен камсыздоо профилдери);

-760300 – Техносфералык коопсуздук  (Өзгөчө кырдаалдан коргоо профили);

-630400 – Нефтигаз иштери  (нефти жана газ чыккан жерлерди иштетүү профили).

Талкуунун жүрүшүндө иш берүүчүлөр тарабынан окуу программаларын өндүрүш талаптарына ылайык өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар берилди. Атап айтканда, электроэнергетика багыты боюнча тепловизордук диагностика, контакттык бирикмелердин абалын баалоо, ошондой эле заманбап микропроцессордук релелик коргоо терминалдары менен иштөө боюнча практикалык сабактарды күчөтүү сунушталды.

Ал эми техносфералык коопсуздук багыты боюнча өрт коопсуздугу, жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча практикалык машыгууларды өткөрүү сунуштары айтылды. Нефтигаз иштери багыты боюнча болсо окуу программасына нефти өндүрүүнү жана кайра иштетүү процесстерин автоматташтыруу боюнча дисциплиналарды киргизүү сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында иш берүүчүлөр тарабынан берилген сунуштарды эске алуу менен окуу программаларын мындан ары өркүндөтүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле 2026–2027-окуу жылына карата НББПларды жана жумушчу программаларды даярдоодо бул сунуштарды эске алуу белгиленди.

Мындай жолугушуулар университет менен өндүрүш ишканаларынын ортосундагы кызматташууну бекемдеп, студенттердин заманбап өндүрүш талаптарына жооп берген адис болуп даярдалышына өбөлгө түзөт.